Пекин трактаты (1860) – Орусия менен Кытайдын ортосундагы келишим; 2(14)-ноябрда Пекинде түзүлгөн. Пекин трактаты Айгун келишими (1858) менен орус-кытай Тяньцзинь трактатын (1858) толуктаган. Россия - Кытай ортосундагы чек ара Амур, Уссури, Сунгач дарыясы боюнча, Ханка көлү, Бэлэнхэ дарыясы, андан ары тоо кыркалары менен Тумыньцзян дарыясына чейин белгиленген. Орус-кытай соода катнашы толук тартипке келтирилип, бүт чыгыш чек арада эки мамлекеттин ортосундагы бажысыз соода жүргүзүүгө мүмкүндүк берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү