Пелагиалдык икра (жумуртка)
Пелагиалдык икра (жумуртка) - балыктардын жана жерде-сууда жашоочулардын жумурткалары (энелик жыныс клеткалар) П. и. адатта майда, анын сүзгүчтүгүн жогорулатуучу чоң май тамчысы бар, суунун калың катмарында же үстүндө сүзүп жүрүүчү жумуртка.
Демерсалдык икра - чоң жана оор, кээ бирде жабышчаак келет. Көпчүлүк учурда балыктар аны суунун түбүнө, өсүмдүктөр арасына ташташат же кумга көөмп коюшат.
Зооцид - асцидия окшош колониянын негизгичи, чок дененин (Асцидия классы, чокденелер түркүмү) уруктанган жумурткасынан өөрчүп чыгат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4