Пенеплен
Пенеплен (латынча раепе – дээрлик жана англисче plain – түздүк), түзөң жер – нымдуу климат өкүм сүргөн тоолуу аймактын салыштырмалуу тектоникалык тыныгуу мезгилинде табигый экзогендик күчтөрдүн таасиринен пайда болуучу денудациялык түздүк. Терминди 19-кылымдын аягында америкалык географ У. М. Дейвис киргизген. Пенеплен Кыргызстандын (Теңир-Тоо) сырттарында кезигет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9