Пентиддер (гр. peptos — бышкан. ото бышкан) — бирдей же ар түрдүү аминокислота калдыктары пептид байланышы менен кошулган орг.заттар.

Аминокислота калдыгынын санына жараша ди-, три-, тетрапептид- дер, о. эле полипептиддер болуп айырмаланат. Төмөнкү молекулалуу Пентиддер аз болсо да, бардык тирүү клеткаларда бар. Пентиддерге табияттагы көпчлүк биол. активдүү заттар: айрым гормондор, антибиотиктер жана кан плазмасында кездешүүчү ангиотен­зин, кинин ж. б. кирет.

Пентиддердин моле­куласы бир учунан амин тобу (—МН2), экинчи учунан карбоксил тобу (—СООН) мн байланышкан түз же тармакташкан чынжырды түзөт. Пентиддерде туюк чынжырлуу — циклопептиддер да кездешет. Пентиддер амфотердик касиетке ээ, сууда, кислотада]], жегичтерде жакшы эри2т. орг.эриткичтерде дээрлик эрибейт 200—300°Сге ысытканда ажырайт. Пентиддер клеткаларда амииокислоталардан же белоктордун ферментативдик бөлүнүүсүнөн синтезделет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.