Пентландит, темир-никель колчеданы – минерал, (Fe, Ni)gSg. Куб системасында кристаллданат. Өңү ачык колодой сары; металл сымал жылтырак. Катуулугу 3-4; тыгыздыгы 4500–5185 кг/м3. Генезиси боюнча негиздүү жана ультранегиздүү тектер менен байланыштуу сульфид кен таштарында өзүнчө топ жана бүртүкчөлүү агрегат түрүндө кезигет. Пентландит – никель кен таштарынын негизги минералы. Минералды 1-тапкан англис саякатчысы Ж. Пентлендин ысымынан аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү