Пентод
Пентод (грекче pente – беш жана электрод) – 5 электроддуу электрондук лампа. Ал катоддон, башкаруучу, экрандоочу жана сактоочу (антидинатрондук) торчолордон жана аноддон турат. Кабыл алып күчөткүч лампа же ондогон МГцке чейинки жыштыктагы генератор лампасы катары кызмат кылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9