Пеньковский Лев Минаевич

Пеньковский Лев Минаевич (1894, Кременчуг — 1971, Москва) — акын, котормочу. Орус тилдүү окурмандарды Орто Азия элдеринин эпостору менен тааныштыруу үчүн котормо жаатында көп эмгектенген. «Манас» эпосунан Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда «Алмамбет менен Чубак чатагы», Саякбай Карала уулунун айтуусунда «Алмамбеттин жомогу» сыяктуу бөлүмдөрдү орусчага которгон. Ал М. Тарловский, С. Липкиндин котормолору менен кошо китеп болуп, Москвадан (1946) жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы / Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4