Пергидроль
Пергидроль — суутек пероксиди (Н2О2 ) суудагы 30% эритмеси. Тунук, түссүз, жытсыз суюктук, муздак жерде көпкө чейин сакталышы мүмкүн. П. күчтүү окистендиргич. Суутек пероксиди сыяктуу эле кездемелерди агартууда, 3% эритмеси мед-да дезин-фекциялоочу каражат катарында, тамак-аш өнөр жайында продуктуларды консервациялоодо, айыл чарбасында үрөндүк данды зыян-кечтерден тазалоодо жана дагы бир катар органикалык бирикмелерди өндүрүүдө колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6