Перигей (грекче περίγειος «Жерге жакын») – Жердин жасалма жандоочусунун же Айдын орбитасынын Жерге эн жакын чекити. Перигейдин мейкиндиктеги абалы сырткы күчтөрдүн таасиринен өзгөрүп турат. Мисалы, Күндүн козголтуучу күчүнүн тааеиринен Айдын Перигейи Айдын орбитасы боюнча жылып, 8,85 жылда толук айланып чыгат. Перигейден Жердин борборуна чейинки аралык Перигей aралыгы деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү