Перитонит — ич көңдөйүнө түшкөн ириңдетүүчү микробдордон жана ууландыруучу заттын таасиринен ич челинин сезгениши.

Катуу кармаган аппендицитте, карын менен он эки эли ичегинин жарасы тешилгенде, ич көңдөйүнөн башка ооруларынын (холецистит, аднексит жана башкалар) кабылдоосу катары өөрчүйт. Ошондой эле ич көңдөйү кырсыкка учураганда, хирургиялык операция туура эмес жасалганда (операциялык Перитонит), чурку кыпчылып калганда жана башкалар болушу мүмкүн.

Сезгенүү процессинин таралышына жараша чектелген, жайылган Перитонит, ошондой эле катуу кармама жана өнөкөт Перитонит болуп айырмаланат.
Чектелген Перитонитте сезгенүү ичеги, чычыркай жана башка органда гана топтолуп, ириң жайылып кетпейт.
Ал эми жайылган Перитонитте ириңдүү абсцесс бүт ич көңдөйүнө жайылып кетет. Мындай Перитонит оорулуунун өмүрүнө коркунуч туудурат. Бул учурда тезинен медициналык жардам көрсөтүлүшү зарыл.

Ички органдардын сезгенүү ооруларынын кабылдоосу катары пайда болуучу Перитонит билинбей өтө жай өтүп, бара-бара өөрчүйт. Ошондуктан ич челинин сезгенүү процессин дароо аныктоо мүмкүн эмес. Ич бир аз ооруп, бара-бара күчөйт, кайра-кайра кусат, алы кетет. Перитонит жайылып кеткен оорулуунун абалы кескин начарлайт, өңү бозоруп кыйналат, тамыры тез-тез (минутасына 140 жолу) согот, ичи көбөт, аз-аздан токтобой кусат. Карын же ичеги тешилгенде, ошондой эле ич органдары жарадар болгондо Перитониттин белгилери (айрыкча ичтин катуу оорушу) күтүлбөгөн жерден башталат.

Перитонитти ошондой эле кан менен ич челине келип түшкөн (мисалы, өпкөдөн) микробдор да пайда кылышы мүмкүн. Мындай Перитонит айрыкча балдарда кезигет.

Ич катуу ооруганда тезинен врачка кайрылуу зарыл. Врач келгенче оорулууну төшөккө жаткырып, тамак, суу, дары берүүгө, жылыткыч коюуга жана клизма жасоого болбойт, алар сезгенүү процессин жайылтып жиберет.
Перитонит катуу кармашында шашылыш операция жасалат, өнөкөт Перитонитте (көбүнчө туберкулёздо) атайын дарылоо сунуш кылынат.

Перитонитти алдын алууда ич көңдөйүнөн ооруларын (сезгенүү процесстерин, жараат ооруларын жана башкалар), ич чуркусун өз убагында дарылоонун мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8