Перу коммунисттик партиясы

Перу коммунисттик партиясы — коммунисттик топтордун негизинде 1928-ж. түзүлгөн.

  • 1930-жылга чейин Перу соц. партиясы деп аталган.
  • ПКПнин негиздөөчүсү жанa идеялык жетекчиси X. К. Мариатеги болгон. ПКП 1935-ж. Коминтернге кирген.
  • Экинчи дүйн согуш убагында жанa андан кийин ачык иштеп, 3-съездинде (1948-ж.) программа кабыл алган. М. Одрианын диктатурасы тушунда (1948—50) катуу куугунга алынганына карабастан ПКП көптөгөн элдик жанa тилектештик көтөрүлүштөрдү жетектеген.
  • 1960, 1963-ж. куугунтукка алынып, 1968-ж. ачыкка чыккан соң, эл массасын өлкөдө кайра курууларды жүзөгө ашырууга үгүттөгөн.
  • ПКПнин 6-съезди (1973) рев-ячыл өкмөттүн кайра куруудагы патриоттук багытын колдоо боюнча партиянын линиясын аныктаган жанa революциялык про­ццести тереңдетүү максатында жумушчу, дыйкан жанa эл массасынын биримдигин чыцдоого багытталган жацы программа кабыл алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.