Петергоф (1944-2009-жылдары Петродворец) – Россия Федерациясындагы шаар. Музей-корук. Санкт-Петербургдун Петродворец районунун аймагында, Финн булунундагы пристань. Калкы 60 миңден ашык (2010). Темир жол бекети (Жаңы Петергоф). Саат, металл фурнитура заводу, «Красные Зори» куш фабрикасы иштейт.

Петергоф.

Петродворец саат заводу (1721-жылдан Петергар ташка кыр чыгаруу фабрикасы; 1930–54-жылдары Мамлекеттик биринчи так техникалык таш заводу) бар. Алгач 1705-жылдан эскерилет. Россия императорлорунун шаар четиндеги резиденциясы. Шаарда дүйнөлүк архитектура эстеликтери жана 18–19-кылымдарга таандык ак сарай-парк ансамбли, Чон ак сарай (18-кылым), Жогорку бак жана Төмөнкү парк (экөө тең 1714–25; 150дөн ашык фонтандан жана 4 фонтан каскаддарынан турат), Монплезир, Марли ак сарайлары, пейзаждык парк комплекстери (Англис, 1779-94; Александрия, 1826-29жылдары Александров, 1830-жылдар) сакталган. 1941–45-жылдары немец баскынчылары тарабынан катуу талкаланган. Учурда толугу менен (1945-жылкы долбоор боюнча) калыбына келтирилген. Илим шаары жана туристтик борбор. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү