Петров Фёдор Николаевич
Петров Фёдор Николаевич (10(22). 7. 1876, Москва — 28. 5. 1973, Москва) — советтик парт, жана ил. ишмер, эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1961, 1971), проф. 1896-жылдан Компартия мүчөсү.
- Жумушчунун үй-бүлөсүнөн. Киев ун-тинин мед. ф-тетин (1902) бүткөн.
- 1894-жылдан рев-ялык кыймылга катышкан.
- 1905-ж. Киевдеги сапёр аскерлеринин көтөрүлүшүнүн жетекчилеринен, 1906-ж. камалып, Шлиссельбург чебинде (1907—14) жаткан, кийин Иркут губ-на айдалган.
- 1917-ж. Иркутск ш-нан Шаардык думага депутат, Знаменский р-нунун парт, уюмунун пред-ли болуп шайланган.
- 1918-жылдан Колчакка карты партизандык кыймылга катышкан.
- 1920—22-ж. РКП (б) БКнын Ыраакы Чыгыш бюро мүчөсү, Ы. Чыгыш респ-касынын Мин. Советинин предлине орун басар жана саламаттык сактоо министри.
- 1929—33-ж. Чет өлкөлөр менен маданий байланыштын Бүткүл союздук коомунун пред-ли.
- 1928- жылдан БСЭ ж-а МСЭнин редакторуна орун басар, 1941—49-ж. Мамл. «Советская энциклопедия» ин-тунун директору.
- 1949—73-ж. БСЭнин башкы редакциясынын мүчөсү. 1959—73-ж. «Советская энциклопедия» басмасынын ил. редсоветинин мүчөсү, башкы редактору.
- Көп томдуу «КПССтин тарыхы» жана «Вопросы истории КПСС» журналынын редколлегия мүчөсү. СССРдин маданий курулушу, партия тарыхы, В. И. Ленин жөнүндөгү эскерүүлөрдүн автору.
- КПССтин 22—24-съезддерине делегат.
- Төрт Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.