Петров мөңгүсү, Кум Төр мөңгүсү – Ак-Шыйрак тоо массивиндеги эң ири татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 11,3 км, аянты 73,9 км2. Нарын дарыясынын башаты Кум-Төр суусунун төрүнөн орун алган. Башы деңиз деңгээлинен 4900 м, этеги 3730 м бийиктикте. Кар чегинин бийиктиги 4310 м. Абляциясынын аянты 29,0 км2. Толукталуу аймагы салааланган бир нече түрдөн туруп, этеги көлгө (аянты 1 км2) такалат. Мөңгүнү 1932-33-жылдары Нарын-Каниверситетеңир экспедициясы комплекстүү изилдеп, Тянь-Шань физикалык география станциясы уланткан. Мөңгү 1932–57-жылдары 400 мге тартылган. Анын этегиндеги көлдөн Кум-Төр суусу (Нарындын башаты) башталат. Мөңгү Ички-Теңир-Тоонун көп жерин картага биринчи түшүргөн орус топографы Ф. П. Петровдун ысмы менен аталган.

Петров мөңгүсү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү