Петунников бадамы (лат. Amygdalus petunnikowii, Litv.) - Бийиктиги 1 м ге чейин жеткен бадал. Бутактары түксүз, тикенеги жок. Жалбырактарынын узундугу 2-3 см, туурасы 3-5 (10) мм, ичке ланцеттей, теги учтуу шынаадай, кыска жалбырак саптуу. Гүлдөрү мала кызыл, кыска гүл саптуу. Мөмөсү тегиз эмес капталдуу, теги кыйшык имерилген, жыш түктүү сары мөмө коргондуу, данегинин сырты тор-тилкелүү.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Апрелдин орто ченинде гүлдөйт. Мөмөлөрү сентябрда бышат. Вегетациясы сентябрдын аягы – октябрдын башында аяктайт. Уругу аркылуу көбөйөт. Табигый шартта өзүнөн-өзү өсүп чыгуусу жокко эсе.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Батыш Тянңшанң (Казакстан, Өзбекстан). Кыргызстанда – Чаткал тоо кыркасы (Чаткал дарыясынын бассейни) жана Талас тоо кыркасы (батыш бөлүгү).

Өсүү шарттары түзөтүү

Дарактуу жана бадалдуу өсүмдүктүүлүк алкактардын түндүк шагылдуу капталдары.

Саны түзөтүү

Маалымат жок.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Түр өскөн аймактарда малды чексиз жаюу.

Өстүрүү түзөтүү

1965-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Ботаникалык багында өстүрүлүп келет. Вегетациясы апрелдин биринчи жарымында башталат. Апрелдин орто ченинде гүлдөп, мөмөсү сентябрдын аягында бышып жетилет. Кыштан негизинен жабыркоосуз чыгат, бирок өтө ызгаардуу температуралуу кыштарда кээбир экземплярлары солуп калат.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтомунун негизинде 1975-жылдан бери мамлекеттик коргоого алынган түрлөрүнүн тизмесине киргизилген. Кыргыз ССРинин Кызыл китебинде (1985) катталган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түр максималдуу учураган аянттарда: Чаткал тоо кыркасынын Чаткал дарыясынын боюнда, Талас тоо кыркасынын батыш бөлүгүндө ботаникалык заказниктерди уюштуруу; ботаника багына интродукциялоо зарыл.

Статусу түзөтүү

VU. Жер Ортолук деңизинен Азиянын борборуна чейин өскөн тукумдун 40 түрүнүн бири. Реликт, аз санда кездешкен эндем түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү