Пианино (италянча pianino – чакан фортепьяно) – фортепьянонун бир түрү. Анын добуш чыгаруучу кылдары тагылган тетиги башка музыкалык аспаптардан өзгөчөлөнүп тике жайгашкан. Пианинону алгач америкалык Ж. Хокинс (1800) жана австриялык М. Мюллер (1801) ойлоп тапкан. Пианино адегенде темир алкак менен жасалган. 19-кылымдан азыркы учурдагы формасына ээ. Турпаты өркүндөтүлөт. Рамасы чоюндан жасалат. Кылдары да башкача тагылат. Пианинонун ичинен кабинеттик модели кеңири тараган. Анын клавиатура корпусунун (турпатынын) жазылыгы 1450–1500 мм, бийиктиги 1250–1400 ммге жакын. Азыркы кичине Пианино болсо 1000-1100 мм, төмөнкү клавиатурасы 825–900 мм айрым фабрикалар бийиктиги 1600 мм келген концерттик Пианинолорду чыгарууда.

Пианино.

Колдонулган адабияттар түзөтүү