Пидмонт
Пидмонт (англ. Piedmont) – Аппалачинин чыгыш этегиндеги плато, АКШда. Туурасы 50–200 км. Жери дөңсөөлүү бийиктиги чыгышында 40-80 м, батышында 400 м; дарыялар чыгыш тарабын кесип өтүп, бийик жарлуу көптөгөн шаркыратмаларды («Шаркыратмалар тизмеги» деп аталган) пайда кылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9