Пикап (ууна) (англ, pick up — көтөрүү, чогултуп алуу) — жеңил автомобилдин жүк жана жүргүнчү ташууга ылайыкталган түрү.

Пикаптын кузову адатта стандарттуу жеңил автомобилдин шассисине орнотулат. Ичинде бүктөлмө отургучтар орнотулат. Эшиги артында, үстү ачык же жабык турдо жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.