Пилькомайо (исп. Pilcomayo) – Боливиядагы дарыя, Парагвай дарыясынын оң куймасы. Аргентина менен Парагвайдын чек арасы аркылуу агат. Узундугу 1200 км, алабынын аянты 160 миң км2. Боливиянын Борбордук Анд тоолорунан башталат. Чыгыш Кордильера аркылуу өтүп, Гран-Чако түздүгүнө чыгат. Орточо чыгымы тоодон чыга бериште 70 м3/секдай. Жогорку агымында кеме жүрөт. Чатында Асунсьон шаары (Парагвай) жайгашкан.

Пилькомайо.
Пилькомайо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү