Пингвин сымалдар (Sphenisciformes) – суучул куштардын жалгыз түркүмү. Жаңы Зеландия, Австралия жана Түштүк Америкада (Аргентина) эоценден белгилүү. Узундугу 40 сжден (галапагосс пингвини) 120 смге чейин (император пингвини), салмагы 3 кгдан 42 кгга чейин. Денеси кыска, жыш, мамык жүн менен капталаган. Жон жагы кара же боз, курсак жагы ак. Төш сөөгү жана төш булчуңдары жакшы өөрчүгөн. Канаты кабырчык сымал жүн менен капталып, сүзгүч калактарга айланган. Жаргакчалуу тамандары жана кыска куйругу рулдун кызматын аткарат. 20 мден (император пингвини 200 мге) ашык терендикке чейин чумкушат; сууда 36 км/с ылдамдыкка чейин сүзөт. Жээкке же музга секирип чыгат, кургактыкта арыштап басышат, кардын үстүндө боору менен жылмышып жүрөт. Жалгыз тукумунда 21 уруу, 32 түрү, анын ичинде азыркы 6 уруу, 15–17 түрү бар. Антарктида жээктеринде, субантарктика аралдарында, Австралия, Африка жана Түштүк Американын жээктеринде таралган. Көпчүлүгү колониялуу (1 млн особго чейин топтошуп) уялайт. Уясын таш же шагылга, муз үстүнө, кээ бири дарактын тамырынын астына жана үңкүргө салат. 1–2, чанда 3 жумуртка тууйт. Император пингвинин ургаачысы муз үстүндө жумуртка тууп, аны эркеги чеңгелдеринде кармап жана тери сымал курсак бүктөөсү менен жаап, 65 суткада басып чыгарат. Адели пингвини жумуртканы эркек ургаачысы экөө тең 35 сутка алмашып басып чыгарат. Балык, баш буттуу моллюска, рак сымалдар менен азыктанат. Бир катар түрлөрүнүн саны азаюуда. Алыскы түндүктө жашаган - галапагосс пингвини ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.

Pygoscelis papua.

Колдонулган адабияттар түзөтүү