Пиретриндерромашканын кээ бир түрлөрүнүн гүлүнөн алынуучу инсектициддер.

Пиретриндер пиретролон менен орун алмашкан хризантема жанa пиретрин кислоталарынын татаал эфирлеринин аралашмасынан турат.

Жог. темп-рада кайноочу түссүз, суюк бирикмелер. Иачар кислоталык чөйрөдө туруктуу, жегич менен оңой гидролизденет, аба, жарык жанa нымдын таасиринен тез ажырайт. Тех. — сууда эрибеген, көпчүлүк орг. эриткичтерде эрий турган сэры май. Анын уулуулугу жанa компоненттеринин саны гулдун сортуна, өскөн шартына жанa аны экстракциялоого жараша болот. Пиретриндердин инсектициддик таасири күчтүү, ошондуктан тез шал кылуучу касиетке ээ. Бит, кене, таракан ж. б. жоготуу үчүн аэрозол, дуст, эмульсия ж. б. түрүндө, о. эле а. ч-га зыяндуу курт-кумурсканы жок кылууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.