Пирометаллургия (грекче πῦρ (pýr) – от жана металлургия) - эң жогорку температурада иштеле турган металлургиялык процесстердин жыйындысы. Пирометаллургия – металлургиянын негизги жана байыркы тармагы. 20-кылымдын башында жалындуу ысытуу жолу менен катар ар түрдүү электрдик (жалын, индукциялык) ысытуунун түрү пайда болду. 20-кылымдын экинчи жарымында металлдарды плазмалык, эритүү, зоналык эритүү ж. б. ыкмалары түзүлдү. Пирометаллургия азыркы кезде чоюн, болот, коргошун, жез, никель ж. б. маанилүү металлдарды алууда негизги орунду ээлейт. Технологиялык белгилерине жараша Пирометаллургиялык процесстердин башкаруу, эритүү, конвертер процесси, чакмактоо, тазалоо (рафинация) жана дистилляция түрлөрү колдонулат. Башкарууда металлдардын бөлүкчөлөрү ириленип, курамы өзгөргөнү менен катуу абалын сактайт, ал кайноочу катмар мешинде, көп түптүү меште, агломерациялык машинада бышырылат. Эритүүдө шихта эритилип, ал 2 катмарга (металл жана шлак же металл жана штейн) бөлүнөт; ал шахта мешинде, электр мешинде ж. б. аткарылат. Конвертерлөө процессинде материал (чоюн, штейн) аба же кычкылтек менен үйлөтүлүп, сапаттуу металл алынат. Бул конвертер мештеринде иштелет. Тазалоо процесси эритилген металлдагы кошундуларды кычкылдантуу менен жок кылууга негизделген. Дистилляция процессинде алына турган металл буу абалына келтирилет да, андан кийин кайра конденсацияланып алынат. Бул реторт, шахта жана кайноочу катмар мештеринде иштелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү