Писарской, Евгений Гаврилович

Писарской, Евгений Гаврилович (1918-ж. төрөлгөн, Москва облусу) – советтик архитектор. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору (1974). Москва архитектуралык техникумун (1939) бүтүргөн. 1947-жылдан Кыргыз мамлекеттик курулуш долбоорло институтунда бөлүмдүн жана долбоорлордун башкы архитектору, Кыргызстан архитекторлор союзунун башкармасынын председатели (1949–59, 1968–76) болгон. П-дун чыгармачылыгы Кыргызстан архитектурасы жана шаар куруу искусствосунун тажрыйбасы менен тыгыз байланыштуу. Ал республикадагы эл жашаган ири пункттардын жана шаарлардын генпландарын иштеп чыгууга (1948–65) активдүү катышкан; сүрөтчүлөр үйү, соода жана машина куруу техникумдарынын, айрым административдик жана медициналык, физкультура институттарынын жана башка имараттарын (1965–75) долбоорлогон. Көрүнүктүү эмгектери: Фрунзе шаарынын Совет–Москва көчөлөрүндө 9 кабаттуу турак үйлөр, “Кыргызстан” мейманканасы, Радио үйүнүн комплекси, типтүү “98” жана “105” сериялуу турак үйлөрдүн долбоору жана башка Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү