Сэр Питер Роберт Жексон (англ. Peter Robert Jackson;1961-жылы 31-октябрда туулган) — жаңызеландиялык режиссер, сценарист жана продюсер. Ал «Шакектер ээси» (2001-2003) жана «Гоббит» (2012-2014) үчилтиктеринин режиссеру, сценаристи жана продюсери катары таанымал. Эки тасма тең Жон Роналд Руэл Толкиндин окшош аталыштагы романынан ылайыкташтырылып тартылган. Башка белгилүү тасмаларына «Бейиштик жандыктар» (1994), «Унутулган күмүш» (1995), «Коркуткандар» (1996), «Киң Коң» (2005) жана «Сүйүктүү сөөктөр» (2009) кирет. Ал «9-район» (2009), «Тинтиндин окуялары» (2011) жана «Мемфистин батышы» (2012) тасмаларына продюсерлик кылган.

Питер Жексон (2014)

Жексон өз карьерасын «Жаман табит» (1987) аттуу сплэттер коркунучтуу комедия тасмасы, «Фиблдерге жолук» (1989) жана «Мээси өлгөн» (1992) кинолору менен баштаган. «Бейиштик жандыктар» тасмасы менен ал «Оскардын» «Эң мыкты сценарий» номинациясына өнөктөшү Фрэн Уолш экөө көрсөтүлгөн. Бул аны киноиндустриясындагы атак-даңкка жеткирген. Жексон өз карьерасында «Оскардын» үч сыйлыгына татыган, анын ичинде 2003-жылдагы «Эң мыкты режиссер» наамы да бар. Ошондой эле ал «Алтын глобус», «Сатурн» жана «БАФТА» сыйлыктарынын ээси.

Анын «Wingnut Films» аттуу өндүрүштүк компаниясы бар, ал эми туруктуу кызматташкан сценаристтери менен продюсерлери Уолш менен Филиппа Бойенс болуп саналат. Жексон Жаңы Зеландияга сиңирген эмгеги үчүн 2002-жылы орден менен сыйланган. Кийинчерээк ал Жаңы Зеландиянын генерал-губернатору Ананд Сатянанд тарабынан 2010-жылдын апрель айында Веллингтондогу салтанаттуу кечеде өзгөчө орден менен сыйланган. 2014-жылдын декабрь айында Жексон Голливуддагы жылдыздар аллеясына аты чегилип сыйга татыган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү