ПИШПЕК ШААРДЫК ДУМАСЫ1917-жылы августтан 1918-жылы июнга чейин иштеген шаардык өзүн-өзү башкаруунун тескөө органы. Шаарды көрктөндүрүү, мектеп, медициналык, маданий-агартуу иштерине каражат жыйнап, соода иштерин уюштуруп, шаар башчысын жана анын орун басарларын, шаардык башкарманын мүчөлөрүн, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагаларын жана мүчөлөрүн шайлаган. Октябрь революциясынан кийин бул дума контрреволюциячыл маанайда иш жүргүзгөн. 1918-жылы 10-июлда таркатылган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.