Плазма химиясы – х, илиминин жылуулуктун таасиринде өтүүчү кубулуштарды изилдөөчү тармагы. Төмөнкү темп-ралык (103-105 К ) плазма зат атомдорун иондорго айландырууга жөндөмдүү жана химимялык  жактан абдан активдүү. Ошондуктан кадимки шартта кыйындык менен жүрүүчү же такыр жүрбөөчү химимялык  реакцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкү темп-ралык плазма колдонулат. П. х. илими газ термодинамикасын, андагы бөлүкчөлөр урунуу кубулушун жана химимялык  реакцияларга катышуу жөндөмдүүлүгүн изилдейт. П. х-нын негизинде металлдар иштетилет жана кесилет, жогорку температурада эрүүчү заттар кристаллдары өстүрүлөт, заттар бети жука катмар менен жабылат, ар кандай химимялык  бирикмелер синтезделет, табигый газдан ацетилен жана өтө таза материалдар (мисалы, электроникада колдонулган кремний жука катмары), ошондой эле курамы химимялык  элементтерге кыйындык менен ажыроочу минералдар алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү