План (латынча planum – тегиздик) – 1) топографияда – жер бетинин бир бөлүгүнүн шарттуу белгилер менен тегиздикке (1:10000 жана ири масштабда) түшүрүлгөн чиймеси; 2) архитектурадa – кандайдыр бир курулманын же имараттын (же кабаттарынын биринин ж. б.), калктуу конуштун же анын бир бөлүгүнүн горизонталь проекциясынын белгилүү масштабдагы графикалык сүрөтү; 3)геометрияда горизонталь проекция, кандайдыр бир мейкиндиктик фигуранын бардык чекиттерин ортогоналдык проекциялоо аркылуу алынган горизонталь тегиздиктеги проекциясы; 4) алдын ала белгиленген тартип, кандайдыр бир программаны ишке ашыруунун, иш аткарууңун, иш-чараларды жүргүзүүнүн ырааттуулугу; 5) кандайдыр бир иштин, баяндаманын (доклад, пьеса ж. б.) алдын ала ойлоштурулушу, долбоору, негизги багыттары; 6) бир нерсени кароо, түзүү, ага ылайыктуу иш жүргүзүү ыкмасы; 7) искусстводо объектилерди сүрөткө жайгаштыруу - алдынкы, ортонку, арткы План жана алардын өлчөмдөрү – ири, чакан План (кинематографиялык План); 8) экономикадa – бүтүндөй экономикалык системанын, өлкөнүн, региондордун, тармактардын, ишканалардын, фирмалардын чарбасынын келечекке белгиленген абалынын сыпатталышы, модели. План пландык мезгилдин аягына системанын абалын мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдү камтыйт, белгиленген чектерге жетүүнүн жолдоруя, ыкмаларын, ал үчүн зарыл болгон ресурстарды аныктайт. Экономикалык План келечектик [узак (10–15 жыл) жана кыска (3–5 жыл) мөөнүттүү] жана күндөлүк (1 жылга чейинки), директивалык (сөзсүз аткарылууга тийиш) жана индикативдик (кенеш берүүчү, болжолдоочу) болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү