Планета шакектерипланета жана анын экваториалдык жалпактыктын тегерегинде айланган чаң жана муздан турган концентрацияланган заттардан турган система.

Юпитердин шакеги. "Галилео" спутнигинен тартылган.

Мындай шакектер Күн системасынын баардык газ гиганттарына таандык: Сатурн, Юпитер, Уран, Нептун жана, балким, Сатурндун Рея спутнигине дагы.

Зор планеталар үчүн алардын жандоочуларынын көп санда болушу эмес, алардын тегерегинде көп сандаган шакектердин болушу өзгөчө мүнөздүү. Бирок Жер шарынын бетинен телескоп аркылуу Сатурнду курчаган калыңдыгы бир нече жүздөгөн метрден ашпаган жарым шакектердин үчөө-төртөөнү гана көрүүгө болот. Ал шакектер 17-кылымда эле Галилей, Гюйгенс тарабынан ачылган.

1980-жылы автоматтык космостук станция «Вояджер» аркылуу тартылып алынган сүрөттө өтө көп сандаган ичке тилкелүү шакектердин бар экендиги да аныкталган. Сатурн шакегинин негизги тегиздиги Сатурндун өзүнүн орбиталык тегиздигине карата 29°ка өзгөрүү менен жантайып, 14–15 жыл убакыт өткөндөн кийин көрүнбөй калган учуру да болот. Ал учурда Жердеги байкоочуга карата шакек кырынан көрүнүп, 10 метрге жакын калыңдыкты гана түзөт. Шакектер негизинен миллиарддаган майда бөлүкчөлөрдөн туруп, алардын арасында ири көлөмдөгү телолор бар экендиги байкалат.

1979-жылы Юпитер планетасынын айланасында да Сатурн планетасы сыяктуу шакектердин бар экендиги биринчи жолу автоматтык станция «Вояджер» аркылуу сүрөткө тартылып алынган. Ал шакектер өтө жука болгондуктан, Жер бетиндеги өтө кубаттуу телескоптор менен да көрүүгө мүмкүн эмес. Мындай шакектер 1977-жылы автоматтык станциялар тартып алган Уран планетасынан жана 1986-жылы Нептун планетасынан да табылган. Азыр илимпоз астрономдордун пикири бонча зор планеталардын бардыгынын тегерегинде шакектер бар деген жыйынтыкка келүүгө болот.

Сатурн шакектери. "Кассини" спутнигинен тартылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы рекдактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: Э. Мамбетакунов