Пластикалуулук теориясы

Пластикалуулук теориясы - механиканын катуу нерселердин серпилгич чегинен өткөн деформациясын изилдөөчү бөлүмү.

Пластикалуулук теориясы пластикалуу материалдын макроструктурасынын касиетин изилдейт; сырткы таасирден (күч, температуpa ж. б.) пластикалуу деформацияланган катуу нерселердеги механикалык чыңалуунун бөлүнүү ыкмаларун аныктайт. Катуу нерселердин сырткы механикалык күчтүн аракетинен талкаланбай (сынбай) формасын, өлчөмүн өзгөртүү касиети пластикалуулук деп аталат.

Сырткы күч аракетин токтоткондо мындай нерседе калдыктуу (пластикалуу) деформация сакталат. Металлдардын пластикалуу касиетин аныктоодо жалпак же цилиндр формасындагы үлгүлөрдү чоюу, кысуу жана толгонуу моментин, ички басымды аныктоо тажрыйбалары аткарылат. Мех. күчтөн нерсенин деформацияланып көз карандылык диаграммасы берилген нерсенин деформациясын аныктайт.

Пластикалуулук теориясынын техникада мааниси зор. Ал конструкцияларды долбоорлоого, пластикалуу деформацияланган металлдардын технологиялык процесстерин изилдөөгө ж. б. тыгыз байланыштуу. Пластикалуулук теориясынын жөнөкөй маселелери материалдардын каршылыгы курсунда каралат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.