Пластмассалар , пластикалык массалар, пластиктер — табигый же синтездик ири мол. массалуу бирикмелер басым жана темп-ранын жардамы менен белгилүү бир формага келтирип муздатканда, ошол формасын сактап калган айнек сымал материалдар. П. жасалган буюмдар тыгыздыгы төмөндүгү, диэлектрдик касиетинин жогорулуулугу, жылуулукту начар өткөргүчтүгү, аткаруучу жана бузуучу чөйрөлөргө туруктуулугу, механикалык бышыктыгы, татаал конфигурациядагы формаларга оңой келүү жөндөм-дүүлүктөрү менен айырмаланат. П. полимер бирикмелери түрлөрү боюнча термопласттар жана термореактивдер болуп экиге бөлүнөт. Термопласттар негизги структурасы түз сызыктуу ири мол. массалуу полимерлер же сополимерден турат (полиэтилен, полистирол, поливинилхлорид, бутадиенстирол жана башка). Термопластикалык П. курамына, алардын серпилгичтигин, ысыкка, суукка, абадагы кычкылтекке, агрессивдүү чөйрөлөргө туруктуулугун жогорулатуу үчүн пластификаторлор, стабилизаторлор, белгилүү түс бериш үчүн боёк заттар кошулат. Жеңил жана тыгыздыгы төмөн болгон пенопласттар же поропласттар алуу үчүн, термопласттардын курамында, ысытканда газдар бөлүп чыгарып, көңдөйчөлөр пайда кылуучу порофорлор деп аталган заттар кошулат. Термопласттык П. бышыктыгы 60-100°С тез төмөндөйт. Бирок алар термореактивдүү П. диэлектрдик касиеттеринин жогорулуулугу, радио жана оптикалык тунуктугу, татаал формаларга оңой келүү жөндөмдүүлүктөрү менен айырмаланат. Ошондуктан, термопластан 60-100°С жана андан төмөнкү температурада иштей турган электр жана радио деталдары жасалат. Агрессивдүү чөйрөлөрү туруктуу термопласттар менен химимялык  аппараттар ички беттери капталат. Практикада термопласттар катарында полиолефин, поливинилхлорид, полистирол, политетрафторэтилен, полиметилметакрилат, полиамид жана полиэфирлер сыяктуу полимерлер колдонулат. Термореактивдүү П. тор сыяктуу полимерден даярдалат. Мындай полимерлер мол. м-лары анчейин чоң эмес полимерди б. эригенге чейин ысытып, аларды кайра муздатуудан же катализаторлор жардамы менен төмөнкү мол. м-луу бирикмелер поликонденсацияланышынан алынат. Термореактивдүү П. негизи болуп фенолформальдегид жана карбамид чайырлары эсептелет. Термореактивдүү П. курамына толтургучтар, термостабилизаторлор, боёк жана антисептикалык заттар кошулат. Бул заттар полимерлер бышыктыгын, мех. туруктуулугун, темп-рага чыдамдуулугун жогорулатат жана П. белгилүү бир түс берет. Термореактивдүү П. электр-техника приборлор, самолёттор, автомобилдер тетиктерин, кемелер корпустары, ар түрдүү түтүкчөлөр, үй тиричилигинде колдонулуучу буюмдар жасалат.

Ад. Промышленные полимерные композиционные материалы / под ред. М. Ричардсона пер. с анг. М., 1980..; Николаев А.Ф. Технология пластических масс. Л. 1977; Кансельсон М.Ю., Балаев Г.А., Полимерные материалы: Справочник, Л., 1982.

Колдонулган адабияттар түзөтүү