Платина
Платина (латын тилинен Рlatinum, исп. «плата»- «күмүш») – Д.И.Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин VIIIВ группа элементи, платина металлдарына кирет, к. н. 78, ат. м. 195,09. П-ны 1803-ж. О. Волластон ачкан. Жаратылышта П. 6 изотобу бар, алардын 4 туруктуу: 194Pt (32,9 %), 195Pt (33,8 %), 196Pt (25,2 %), 198Pt (7,19 %) жана эки a-радиоактивдүү изотобу 190Pt (0,0127 % Т1/2 =6,9 ×1011-жыл) менен 192Pt (0,78 % Т1/2 =10 15-жыл). Бул изотоптору радиоактивдүү индикатор катары колдонулат. Иондошуу энергиясы: Pt0® Pt +® Pt 2+ 9 жана 18,56га (эв м-н) барабар. XVIII акырында, XIX ортосунда орус окумуштуулары жана инженерлери А. А. Мусин-Пушкин, П. Г. Соболевский, В. В. Любарский, И. И. Варвинский П. металл тазалоонун кайрадан аффинаждоо менен бөлүп алуу методун иштеп чыгышкан. Жаратылышта П. башка металлдар менен аралашма жана таза түрүндө да учурайт. Жер кыртышынын (м. б-ча) 5×10–7 % түзөт. Табигый куймалары: поликсен (Pt 4-11 % жана Fe), палладийлүү платина (Pd 0,11-7 % чейин), ферроплатина (20 % чейин Fe), ал эми бирикмелери: скеррилит PtAs2, куперит PtS, бреггит (Pr, Pd, Ni)S. П. таза, куйма жана бирикмелер түрүндөгү кендери Уралда, Сибирде, Түндүк Америкада: Аляскада, Канадада жана Түндүк Африкада табылган. П. күмүш сымал ак түстөгү оор, чоюлгуч металл. Ат. радиусу 1,388, иондук радиусу Pt2+ 0,90, Pt4+ 0,76 ; балкып эрүү температурасы 17690С; кайноо температурасы 3827оС; тыгызд. 21,45 г/см3 ; П. парамагниттүү. Күкүм түрүндөгү П. кадимки шартта Н 2 жана О2 жакшы сиңирет. Бирикмелеринде II жана IV валенттүүлүктү көрсөтөт. П. абада туруктуу, 500оС 8×105Па басымда окистенет да PtO2 жана PtO пайда кылат. PtO3 бөлмө темп-расында туруксуз – PtO2 жана O2 ажырайт. PtO к-талар менен щелочтордо эрибейт, «падыша арагында» жакшы, ал эми суюк бромдо жай эрийт. П. галогендер менен PtF2, PtF4, PtCl2, PtCl4, PtBr2, PtBr4, PtJ2, PtJ4 пайда кылат. Сульфиддеринен PtS, PtS2 жана кара түстөгү туруксуз PtSe2 – диселенид, күрөң кристалл дителлуриди – PtTe2 белгилүү. П. күчтүү таасирге дуушар болуучу химимялык идиштер, аппараттар тетиктерин жасоодо, химимялык өндүрүштө катализатор катарында, электротехникада, зергерлик иштерде колдонулат. П. жасалган электроддор химимялык өлчөөчү куралдарда кеңири пайдаланылат. О. эле металл куймаларын алууда да колдонулат. П. жана анын куймалары химия өнөр жайда терморегулятор, термопара даярдоодо, электротехникасында, стоматологияда (тиш дарылоодо), зергерлик иштерде колдонулат. Орг. синтезде, палладий, П., алтын жана радий куймаларын алууда жана катализатор катары кеңири пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6