Платов Матвей Иванович
Платов Матвей Иванович ((17). 8. 1751- 3(15). I. 1818, Новочеркасск ) - дондук казак аскерлердин атаманы (1801- жылдан), атчан аскер генералы (1809- жылдан), граф (1812-жылдан).
- Адегенде жүз башы, 1771-жылдан полк командири.
- 1775-ж. Е. И. Пугачёв башкапган дыйкандар согушун басышкан.
- 1782- 83-ж. Кубанда жана Крымда А.В.Суворовдун карамагында кызмат өтөгөн.
- Орус-түрк согушунда (1787-91) Очаковду (1788), Измаилди (1790) алууга катышкан.
- 1797-ж. заговор уюштуруп жүрөт деген шектенүү менен Павел I аны Костромага айдатып, кийин Петропавловский чебине каматкан.
- Андан 1801-ж. бошонуп, адегенде дондук казак аскерлердин атаманына башкы жардамчы, көп узабай атаман болгон.
- Ата-Мекендик согуш (1812) убагында баатыр катары таанылып, 1813-1814-ж. кампанияларга активдүү катышкан.
- 1814-жылдан Оксфорд университетинин ардактуу доктору.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.