Платонизм - философиядагы Платондун окуусун уланткан идеалисттик багыт.

Платонизмдин негизги мазмуну - идеялар теориясы.

Платонизмде идея-жалпыланган, зарылдык аракеттен чыккан логикалык түшүнүк. Ал – көркөм түзүлүшкө ээ болгон бөтөнче субстанция. Материя - идеянын чагылышы. Платон өлгөндөн кийин анын идеясын «Платон академиясы» уланткан.

Б. з. ч. 1-кылымда Платондун «Тимеясын» тушүндүруп, аны системага салган Посидоний болгон. Бул стоиктик Платонизм болуп. Филон Александрийскийдин диний окуусуна таянып кепке жашаган. Стоиктик Платонизмге аристотелдик агым каршы чыккан. Кийинчерээк Аммоний Сяккас Платон менен Аристотелдин стилинде идеалдуу дүйнө жөнүндө окуу түзгөн.

Б. з. ч. 1-кылымдан ал окуу Аристотелди жана пифагоризмди пайдаланын натурализмге каршы курошкөн. Үч кылымга созулган бул күрөштүн натыйжасында неоплатонизм келип чыккан.

Орто кылымда жана Кайра жаралуу доорунда Платонизм философияга неоплатонизм формасында таасир эткен (Августин, Ареопагитики, Иоанн Скот Эниугена, Ибн Ругад, Ибн Гебироль. Ж. Бруно ж. б.). Кийинки мезгилдеги бүткүл европалык идеалисттик философия туз же кыйыр түрдө Платонизмдин таасиринде өнүгуүдө.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.