Платонов Борис Викторович

Платонов Борис Викторович (24. 7 (6. 8). 1903, Минск- 15. 2. 1967, ошол эле жер)-белорус совет актёру.

  • СССР эл арт. (1948). 1953-жылдан КПСС мүчөсү.
  • 1922-жылдан Я. Купала атындагы Белорус театрында иштеген (1961- 63-ж. анын көркөм жетекчиси).
  • Платонов көбүнчө курч сатиралык, драмалык, трагедиялык мүнөздөгү ролдорду аткарган. Константин Заслонов (А. Мовзон, «Константин Заслонов»;
  • СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1948), Тумилович (К. Крапива, «Торгойлор сайрайт»;
  • СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1952), Пётр (М. Горький. «Акыркылар»), Забелин (Н. Погодин, «Кремль куранттары») ж. б.
  • Платоновдун чыгармачылыгындагы эн маанилуу иши - В. И. Лениндин образы (Н. Погодин, «Үчүнчү патетикалык»), БССР Жогорку Советинин (5-6-шайл.) депутаты.
  • Ленин ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.