Платформа оюну (англ. Platform game же platformer) — видео оюндун түрү, экшн оюнунун субжанры. Айлана-чөйрөсүн кыдыруу үчүн оюнчу каарманды же аватарды асылган платформалардын ортосунан жана/же тоскоолдуктарды үстүнөн секиртип жетектеп жүрүүнү камтыйт. Оюнчу өз каарманын өлүмдөн куткарып калыш үчүн же керектүү секириктерди өткөрүп жибербеш үчүн секирүүлөрдү көзөмөлдөйт. Бул жанрдагы оюндарды бириктирип турган жалпы элементи — бул секирүү баскычы. Бирок азыр эми сенсордук экранды серпүү сыяктуу башка ыкмалар да чыгып калган. Оюнда тырмышып чыгуу, Ristar же Bionic Commando оюнундагыдай жүзүм сабагына же созулган кол менен асылуу, же болбосо Alpha Waves оюнундагыдай трамплинден же батуттан секирүү сыяктуу башка акробатикалык кыймыл-аракеттер да болушу мүмкүн. Бул механика, башка жанрлардын алкагында болсо да, жалпысынан, платформалоо деп аталат (платформанын этишке айланышы). The Legend of Zelda 3D оюндар циклиндегидей секирүү автоматтык түрдө ишке киргизилген болсо, мындай оюндар бул жанрга кирбейт.

SuperTux (2003).

Платформа оюндары кайсы бир убактарда абдан популярдуу видео оюн жанры болгон. Популярдуулуктун туу чокусунда турган кезде болжолдуу оюнчулардын төрттөн биринин жана үчтөн биринин ортосундагылары платформерлер болушкан деп айтылат. Эч кайсы жанр мурун да, андан кийин да мындай базар үлүшүнө жетише алган эмес. 2006-жылга карата, бул жанр 1998-жылдагы он беш пайызга салыштырганда базарда эки пайыздык үлүшкө ээ болуп, өз үстөмдүгүн алда канча жоготкон. Бирок көп миллиондогон оюндар сатылып, учурда каржылык жактан жашоого жарамдуулугун сактап келет. 2010-жылдан бери мобилдик түзмөктөр үчүн чыккан чексиз чуркоо платформелердин түрү бул жанрдын популярдуулугун кайра жаңырткан.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү