Плафон (французча plafond – шып) – 1) живопистик же скульптуралык сүрөттөр (жабыштырма) же архитектуралык-жасалга мотивдер менен кооздолгон шып; кандайдыр бир үйдүн тосулган жерин кооздоочу монумент-жасалга живописинин чыгармасы. Живопись Плафону шыбакка, шыпка жабыштырылган панного сүрөт же мозаика түрүндө түшүрүлөт. Плафон 19-кылымдын башында чиркөө менен ак сарайлардын жасалгасы катары кенири тараган. Кыргызстанда Плафондун үлгүсү опера жана балет театрында бар (Г. Айтиев, В. Вейс, В. Тюрин, 1952). Анда кыргыз сахнасында коюлган спектаклдердин каармандары тартылган; 2) үйдүн, купенин, каютанын, самолёттун салонунун шыбына (кээде дубалына) орнотулуучу электр шамынын арматурасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү