Плевраөпкөнү сыртынан жана көкүрөк көңдөйүн ичинен каптап туруучу жалтырак чел кабык.

Ал ички, өпкө жана сырткы, кереге Плеврасы болуп бөлүнөт. Булар көөдөндү бири-бири менен байланышкан эки Плевра көндөйүн түзөт. Ар бир өпкө сыртынан Плевра менен капталат. өпкө Плеврасы өпкөнүн сыртынан өтө тыгыз ажырагыс каптап, өпкөнү бөлүктөргө бөлүп турган жылгалардын арасын да каптайт.

Плевранын көкүрөк көңдөйүн ичинен каптаган кабыгы (кереге) өпкө Плеврасы менен капталган оң жана сол өпкөнү ичине камтыган эки туюк капты түзөт.
Ал жайгашуусуна жараша кабырга, боор эт жана ортолук Плевраларга бөлүнөт.
Кабырга Плеврасы кабыргаларды жана кабыргалардын ортосундагы аралыкты ичинен каптап, арт жагына омурткалардын денесинин капталынан, алды жагында төш сөөгүнүн тушунда ортолук Плеврага өтөт.

Ортолук Плевра эки өпкөнүн ортосунан орун алган органдарды оң жана сол жагынан каптап турат. Ал жүрөктүн сыртындагы перикард менен биригип, оң жагынан — жогорку көңдөй вена, жуп эмес вена жана кызыл өңгөч менен, ал эми сол жагынан көкүрөк толтосу менен чектелет.
өпкөнүн тамырын ортолук Плевра бардык жагынан каптап, өпкө Плеврасына өтөт.

Төмөн жагында кабырга жана ортолук Плевра боор этти үстүнөн каптап, боор эт Плеврасы деп аталат. өпкө Плеврасы менен кереге (сырткы) Плеврасынын ортосунда туюк, ичке Плевра көндөйү бар.
Плевра көңдөйүнүн ичин анча көп эмес суюктук нымдап, дем алганда ички жана сырткы Плевранын бирибирине сүрүлүүсүнөн сактайт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8