Плеврит
Плеврит — плевранын сезгениши. Ал негизинен өпкөнүн сезгенишинин, кээде өпкөнүн туберкулёзунун, аллергиялык оорулардын, ошондой эле көкүрөк жараатынын кабылдоосу катары кездешет.
Плеврит кургак жана суулуу (экссудаттык) болуп бөлүнөт.
Кургак Плевритте плевра көөп калынданат, үстү жылма болбой калат. Ал өпкө туберкулёзунда, пневмонияда кездешет.
Суулуу Плевритте плевра көңдөйүнө тунук, ириңдүү же кандуу суюктук толот. Плеврит, көп учурда бир өпкөдө, кээде эки өпкөдө тен болот.
Кургак Плевритте дем алганда, жөтөлгөндө, кыймылдаганда көкүрөк ооруйт, оорулуунун алы кетет, эти ысыйт. Оорулуу ооруган жагына жатат, себеби анда ооруганы азаят. Плевра көңдөйүнө суюктук толгондо оорулуу жөтөлөт, эти ысыйт. Суюктук көбөйгөн сайын көкүрөгүнөн ооруганы басаңдайт. Суюктук абдан көп толуп калганда оорулуу демигип, өңү бозорот, оозу көгөрүп, жүрөктүн иштеши начарлайт, бат-бат дем алат.
Плевриттин диагностикасын врач рентгендик изилдөө жана пункциянын жардамы менен жүргүзөт.
Кургак Плеврит бир нече күндөн кийин айыгат.
Суулуу Плеврит 2—3 жумага созулат.
Плевритти врач гана дарылайт.
Катуу кармаган учурда төшөккө жаткырып, деми кыстыкса башына бийик жаздык коюу керек. Оорулуунун тамагы күчтүү, витаминге бай болууга тийиш. Плевра көөдөйүнө суюктук толсо ооруканага жаткыруу зарыл; ириң болсо көп учурда операция жасалат. Айыгып келе жаткан мезгилде айыктыруучу гимнастика сунуш кылынат.
Туберкулёздук Плевриттин дарылоосу атайын адистештирилген санаторийлерде жүргүзүлөт. Мындай оорулуулар диспансердик каттоодо 2 жылга чейин турат.
Плевритти алдын алууда организмди чыңдоо максатында санитария-гигиеналык чараларды жүргүзүү зарыл.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8