Плейотропия
Плейотропия (гр. pleion - абдан көп санда жана tropos - бурулуш, багыт) - гендин көптөгөн кыймыл-аракети, бир эле гендин бир нече белгилердин өрчүшүнө таасир этүү жөндөмдүүлүгү. П. кубулушу гендердин системасы генотипти түзөөрү менен шартталган. Бул гендердин системасы реакциялардын продуктуларынын деңгээлинде өз ара аракеттенишет жана аларды жөнгө салышат. Практикада ар бир ген метаболизмдин белгилүү этабын жөнгө салат, ал эми клеткалардагы метаболизмдик жолдордун көп этаптуулугу жана бутактуулугу, метаболизмдин бир этабындагы четтөө (бир гендеги мутация), шексиз кийинки этаптарында жана ошондой эле бир нече жөнөкөй белгилеринде четтөөлөргө алып келет. Бир гендин (мисалы, ферменттин) бир нече биохим. реакцияларга катышышы да плейотропиянын себеби болушу мүмкүн. Адамда гемоглобиндин молекуласында полипептиддик тизмектин синтезделишин жөнгө салуучу гендин рецессивдик мутациясы гендин плейотроптук аракетинин мисалы болуп саналат. Ал полипептиддик тизмекте бир амин к-талык калдыктын алмашышына, эритроциттердин морфол-сынын өзгөрүшүнө (орок формасында), кан тамыр, нерв, тамак сиңирүү жана бөлүп чыгаруу системаларында бузулууларга алып келет. Бул мутациялар гомозиготтуу адамдын бала чагында өлүмгө алып келет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4