Плекситжүлүн нерв түйүндөрүнүн оорусу (к. Четки нерв системасы).

Оору кырсыкка чалдыгуудан, жугуштуу оорулардан кийин, омуртка ооруларынан жана башкалар болушу мүмкүн. Ошондой эле кан тамырларынын аневризмасы, ар кандай шишик оорулар, лимфа түйүндөрүнүн сезгениши жана башка процесстердин натыйжасында ийин нерв түйүндөрүнүн кысылып калуусунан болушу мүмкүн.

Плексит көбүнчө дененин бир капталын, кээде эки капталын тең жабыркатат. Плекситте акырек, далы, колдун нерви катуу ооруйт. Оору кээде басаңдап, кайта күчөйт. Колду кыймылдатканда, өзгөчө колду артка сунганда, ийин нерв түйүндөрү бар жерди басканда оору күчөйт. Кол ишке жара- бай, булчуң эттер жукарат, сезүү функциясы жана зат алмашуу процесстери бузулат. Айрыкча каруу жана кол чеңгелинин күчү кетет, тери өзгөрөт.
Бел- куймулчакта Плексит болгондо сан, шыйрак ооруп, булчуңдар атрофия болуп, сезүүсү начарлайт, жамбаш, тизе муундарынын кыймылы азаят.
Плекситти дарылоо аны пайда кылган себептерди жоюуга багытталат.
Оору күчөй электе врачка кайрылуу оң. өз алдынча дарылануу (жылуулоо, дары ичүү жана башкалар) убактылуу жардам бериши ыктымал, бирок ооруну айыктырбайт.

Оору өнөкөт учурда курортто дарылануу жакшы натыйжа берет.

Аялдар бел-куймулчагы ооруса врач-гинекологго кайрылуусу керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8