Плутоний (латынча Plutonium), Puэлементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы радиоактивдүү химиялык элемент. Катар номери 94, атомдук массасы 244. Плутонийдин массалык сандары 232Pu - 246Ри болгон 15 изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу 244Ри. Плутонийди 1-жолу 1940-ж. Г. Сиборг жетектеген америкалык радиохимиктер уранды нурлантуудан 239Ри изотобун алышкан. Плутоний – ак, жалтырак металл; балкып эрүү t 640°С; кайноо t 4082°С; бирикмелеринде +2ден, +7 окистенүү даражаларын көрсөтөт. Плутоний галогендер менен фторид, хлорид, бромид, йодиддерди пайда кылат. Плутоний галогениддерин вакуумда жана жогорку температурада ажыратуудан: 2PuCl3 = 2Ри + ЗС12, ошондой эле анын фториддерин барий, кальций, калий же натрий буулары менен калыбына келтирүүдөн алынат: PuF4+2Ca=Pu+2CaF2. Плутоний алюминий, бериллий, кобальт, темир, магний, никель, күмүш ж. б. металлдар менен куймаларды пайда кылат. Ал ядролук реактордо ядролук отун катары, ошондой эле ядролук куралдарда жарылгыч зат катары колдонулат.

Плутоний.

Колдонулган адабияттар түзөтүү