ПльзеньЧехиядагы шаар. Өлкөнүн маанилүү экономикалык жана маданий борбору. Чехиянын батышында, Бероунка дарыясынын боюнда жайгашкан. Пльзень крайынын административдик борбору. Калкы 167,2 миң (2012). Жолдор тоому. Оор машина куруунун («Шкода» заводу) ири борбору.

Пльзень.

Король Вацлав II тарабынан 1292-ж. негизделген. 1419- жылдан табориттердин маанилүү таяныч пункту. Шаар – 17-кылымдан чехтердин улуттук маданиятынын борбору. Пиво кайнатылат. Тамак-аш, кагаз, карапа, айнек, булгаары өнөр-жай ишканалары иштейт. Батыш чех галереясы, театрлар, музейлер, китепкана бар. Готика стилиндеги кафедралуу Ыйык Варфоломей собору (13–15-кылымдар), ренессанс стилиндеги ратуша (16-кылым), доминикан монастыры Ыйык Анна чиркөөсү менен (1711–14) сакталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү