Пневматикалык механизм, пневматикалык кыймылга келтиргич – автоматтык жөндөө системаларында жөндөгүч механизмдерди (клапанды, жылдыргычты, кранды ж. б.) аралыктан башкара турган пневматикалык күч бергич түзүлүш Жөндөгүч механизмдерге аракет кылуу мүнөзүнө жараша алга жылма жана айланма Пневматикалык механизм болуп айырмаланат. Мунун алга жылма түрү көбүрөөк колдонулат да, ал эки жана көп өнүттүү (позициялуу) болот. Эки өңүттүү Пневматикалык механизм жөндөгүч органды бир четки абалдан экинчи четки абалга келтирүү, көп өңүттүү башкаргыч сигналга жараша жөндөгүч механизмди ар кандай абалга келтирүү үчүн колдонулат. Конструкциялык түзүлүшү боюнча алга жылма Пневматикалык механизм поршендүү жана мембраналуу болуп жасалат. Поршендүү Пневматикалык механизм цилиндр түрүндө болот да, анын ичинде кысылган абанын аракети менен штоктуу поршень жылып жүрөт. Ал бир же эки тарапка аракеттенет. Поршендүү Пневматикалык механизмдин негизги параметри – штокто пайда болгон күч, ал күч кысылган абанын басымына жана цилиндрдин көлөмүнө жараша өзгөрүлөт. Мембраналуу Пневматикалык механизм жылчыксыз бекитилген камера түрүндө жасалат. Анын ички жумуш аткара турган бөлүгү эки көңдөйчөгө мембрана менен бөлүнөт, мембрананын дал ортосуна шток бекитилет. Мембраналуу Пневматикалык механизмбир жана эки тарапка аракеттенет. Мында штокто пайда боло турган күч мембрананын аянтына жана ал аянтка аракет кылган басымга көз каранды. Пневматикалык механизм өнөр-жайда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү