Подольск
Подо́льск — шаары Орусия Федерациясынын (Орусия, Россия, расмий аты Орусия Федерациясы, Российская Федерация), Москва облусунун Подольск районунун административдик борбору болуп саналат. Подольск шаары Москва-дарыясынын куймасы болгон Пахра дарыясында жайгашкан. Москва шаарынан 36 км аралыкта, ал эми МКАДдан 15 км алыстыкта. Түндүк жагынан Щербин, түштүгүнөн Климовск менен чектешип турат. Шаардын жалпы аянты — 40,04 км², калктын жыштыгы — 183,1 миң адам (2010-жылы). Москва облусунун ири өнөр жай жана маданият борбору болуп саналат.
XVIII кылымда москвалык Данил чиркөөсүнө тийиштүү болгон Подол кыштагынан уюшулган шаар. Шаар статусу — 1781-жылы ыйгарылган. 1971-жылы Эмгек Кызыл Туусу менен сыйланган.
Учурдагы Подольск
түзөтүүXXI кылымдын башында Подольск — Москва облусунун ири өнөр жай борбору болуп саналат. Территориясында ондогон көп кырдуу ири өнөр жайлар болгон. Ошону менен бирге эле, Подольск илимий жогоркутехнологиялык шаар: анда атомдук изилдөөлөр боюнча, жалпы Орусияга таандык көптөгөн илимий мекемелер жайгашкан. 1992-жылдан баштап Подольскто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча соода-өнөр жай палатасы уюшулган.
2001-жылдын 1-майында шаарда троллейбус каттамы ачылган. Учурда Подольскто төрт шаардык каттам бар.
2006-жылы шаар өзүнүн 225 жашын белгиледи.