Позитивдүү тынчтык – бул өтө кенен түшүнүк, ал согуштун же куралдуу чыр-чатактын жоктугун гана эмес, теңдештик, акыйкаттык жана өнүгүү үчүн шарт түзүү дегенди билдирет. Позитивдүү тынчтык куралдануу маселеси менен гана эмес, элдердин кандай жашагандыгы менен да байланыштуу.