Позитивизм (французча positivisme; латынча positivus – оң) – философиядагы агым; бардык тараптан жактырылган чыныгы (позитивдүү) билим – атайын илимдердин жыйындысынын натыйжасы - философиянын баштапкы негизи деп эсептейт; илим Позитивизмге ылайык, дүйнөгө карата көз караш проблемаларын изилдөөчү атайын философияга муктаж эмес. 19-кылымдын 30-жылдарында О. Конт (терминди киргизген) тарабынан негизделген. Позитивизмдин эволюциясын 3 этапка бөлүшөт; «классикалык» Позитивизм (Э. Литтре, И. Тэн, Э. Ренан – Франция, Ж. С. Милль, Г. Спенсер – Улуу Британия, В. В. Лесеевич, М. М. Троицкий - Россия; эмпириокритицизм (махизм); Позитивизмдин азыркы кездеги формасы – неопозитивизм. Позитивизм 19-кылымдын 2-жарымында табигый жана коомдук илимдердин методологиясына кыйла таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү