Позитрон (латынча positivus – оң жана ...трон) – оң электр зарядына ээ элементардык бөлүкчө; электронго антибөлүкчө (е+). Массасы, спини электрондукуна барабар. 1932-ж. америкалык физик К. Д. Андерсон экспериментте байкап, «Позитрон» терминин киргизген. Позитрон гравитациялык, электрмагниттик, начар аракеттенишүүлөргө катышат жана лептондор классына кирет. Гамма-кванттардын таасиринен е+ түгөйлөрдүн жаралуу процессинде, мюондор ажырагандаж. б. учурларда пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү