Полиакрилонитрил, акрилонитрилдин түз полимери, [(-CH2-CH(CN)-)n]. ак түстөгү аморфтуу зат. Кадимки эриткичтерде, майларда, күн жарыгына өзгөрбөйт, диметилформамидде, диметилацетамидде, этиленкарбонатта, айрым туздардын, азот, күкүрт кислоталарынын концент эритмелеринде эрийт. Полиакрилонитрил суу чөйрөсүндө же туздардын суудагы эритмесинде акрилонитрилди полимерлөөдөн алынат. Акрилонитрилдин гомополимери жогорку температурада ажырай баштаганда гана жумшарат. Ошондуктан андан жасалган буюмдар кыйындык менен формага келет. Полиакрилонитрилдин касиетин өзгөртүү үчүн акрилонитрилдин башка мономерлер менен (винилацетат, бутадиен ж. б) сополимерлөө керек. Полиакрилонитрил негизинен жогорку сапаттагы Полиакрилонитрил булаларын алууда пайдаланылат. Андан алынган булалардын мехникалык касиети жүнгө жакын болгондуктан, башка химиялык булалардан артыкчылыгы бар. Ага бензин., ацетон, дихлорэтан ж. б. эриткичтер таасир этпейт. Булардан килем, кездеме ж. б. токулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү