Полиархия (гр. < роlу – көп + агсhia – бийлик) бүгүнкү күндөгү саясий илимге америкалык саясат таануучу Р. Даль аркылуу көбүрөөк даражада демократтык идеалга туура келген, реалдуу өкүм сүргөн саясий режимдерге мүнөздөмө берүү үчүн киргизилген түшүнүк. Р. Далдын ою боюнча, чыныгы дүйнөдө демократиянын бардык талаптарын толугу менен канааттандырган саясий системалар жок.

Демократия деп ал төмөнкү негизги мүнөздөмөлөрдү:

  • уюмдарды түзүү жана аларга кирүү эркиндиги;
  • өзүнүн ой-пикирин ачыкка чыгаруу эркиндиги;
  • добуш берүү укугу; мамлекеттик башкаруу органдарына шайлоо укугу;
  • шайлоочулардын добушу үчүн күрөштө саясий лидерлердин атаандашууга укугу;
  • маалыматтардын альтернативдүү булактары; эркин шайлоолор; шайлоочулардын добушунан көз каранды өкмөттүк институттар ж. б. камтыган бийликтин тең бөлүштүрүлүшүн түшүнгөн.

Бул мүнөздөмөлөрдөн бардыгын иш жүзөгө ашыруу, умтулуу керек болгон демократиянын идеалдык моделин сунуш кылат. Бирок дүйнөдөгү көп түрдүү саясий системаларды алардын демократташтырылышынын деңгээлине жараша баа берүүгө аракеттенүү үчүн эки негизги критерийди: тең укуктуу элитанын ачык, саясий атаандаштыгы жана калктын саясий катышуусун бөлүп чыгуу акылга сыярлык. Өзүнүн граждандарына өз кызыкчылыктарын кандайдыр бир дискриминациясыз ишке ашырууга мүмкүндүк берген реалдуу саясий режимдерди Р. Даль полиархия деп атаган. Полиархия – саясий режим.

Полиархиянын башкы белгилери: Граждандардын саясий катышуусунун жогорку деңгээли, шайлоодогу (шайлоочулардын колдоосу үчүн күрөштү түрдүү топтордун жана саясий лидерлердин өнүккөн, ачык, саясий атаандаштыгы. Ошентип, полиархия – элдин атынан, элдин жардамы менен жана эл үчүн башкаруу эмес, азчылыктын башкаруусуна көпчүлүк макул болуп, көзөмөлдөгүн саясий система. Ошону менен граждандарды элитанын жоопкерсиздигинен жана өзүн билемдигинен сактаган гарантиялар да өкүм сүрөт.

Р. Даль полиархияга барууга таасир тийгизген жети шартты бөлүп көрсөтөт:

  • 1. саясий реформалардын тарыхый удаалаштыгы;
  • 2. экономикалык бийликтин топтолуу деңгээли;
  • 3. социалдык-экономикалык өнүгүүнүн деңгээли;
  • 4. теңчилик-теңсиздик мамилелеринин мүнөзү;
  • 5. субкультуралык айырмачылыктын тиби;
  • 6. чет өлкөлүк кийлигишүү;
  • 7. саясий лидерлердин ишениминин мүнөзү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9