Поливанов Дмитрий Евгеневич

Поливанов Евгений Дмитриевич (1891–1938 ж.ж. Россия Смоленский шаарында төрөлгөн) – көрүнүктүү лингвист, тил илиминин белгилүү теоретиги. Кыргыз тилин, Кыргызстандагы дунган элинин тилин изилдөөгө жана кыргыз элинин улуу эпосуМанасты” иликтеп, орус тилине которууга да зор салым кошкон. Кыргызстанга келгенден кийин улуу “Манас” эпосуна кызыгып, илимий көз караштарын айтып, аны орус тилине которууга белсене киришкен, “Алмамбеттин Манаска айтканы”, “Чоң казаттын башталышы” жана башка котормо-саптарын көзү тирүүсүндө жарыялаган. Азыр Кыргыз Улуттук академиясынын Колжазмалар фондунда “Элчилердин кайтышы”, “Алты хандын элчилеринин Манаска келиши”, “Жети хандын чатагы”, “Чоң казат” деген “Манастан” үзүндү котормолору, “Кыргыздын “Манас” эпосу”,Д. Поливанов кыргыздын “Манас” эпосу жөнүндө” деген илимий эмгектери сакталууда.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004